Путинди туураган пародист тууралуу комедия тартылат. Буга президент макулдугун берди

Орус президенти Владимир Путинди туураган "Камеди Клаб" долбоорунун катышуучусу Дмитрий Грачев тууралуу комедия тартыларын, ага президент өзү макулдугун бергендигин "Комсомольская Правда" гезитине берген интервьюсунда режиссёр Николай Досталь билдирди.

"Биз куудул Геннадий Хазанов экөөбүз өмүр бою бир гана адамды туурап келген артист-пародист Дмитрий Грачев тууралуу фильм тартууну ойлоп жүргөнбүз. Билесиздер, Грачев КВНде, интернетте, "Камеди Клабда" дайыма президентти туурап келет. Бир жолу ал президенттин бийликтен кетип, өзүнүн жумушсуз калганын түш көрөт. Андан ары эмне болот, кино ушул жөнүндө", - дейт режиссёр.

Анын айтымында, комедияда "Сен оригинал болуп төрөлдүң, бирөөнүн көчүрмөсү болуп өлбө" деген ой айтылат. Дмитрий Грачев башкы ролду - өзүнүн образын жаратууга макул болгон.

"Фильм башкы каарман жөнүндө гана эмес, анда берилген ой баарыбызга тиешелүү. Бул комедиянын тартыла турганын Владимир Путин дагы билет, ал каршы эместигин билдирди", - дешет жаратуучулар.

Путиндин образын жаратып жүргөн пародист Дмитрий Грачев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
talant83
2017-08-11 18:57:12
Туура жазсанар! Путинди туураган пародист тууралуу болгондо пародист тууралуу болуп калып атпайбы, Путинди туураган пародист Путинди туурап тартыла турган комедияга макулдугун берди же макул болду
-6
Azatbek83
2017-08-11 19:06:46
Жакшы Путиндин жакшы жагын ушундайда билсе болот.Биздикин тартмактугул соз кылгандан уяласын.Артист жети жылда гитара ойноп ыр аткарды болду.Эч бир нерсе озгорбоду наборот артка кетти.
+5
Aidan88
2017-08-11 21:12:37
Bizdin prezidentti parodiya kylsan kamatat bolush kerek srazu ele , parodiya emes bir soz uchun sottotgudai bolup atsa
+2
mr.ulan89
2017-08-11 23:07:17
Aidan88,Ашаны туураса дароо 2000000 сомго доого жыгат
+4
imashbektur.95
2017-08-12 09:50:46
Aidan88,Ушул кундордо чейин уктун беле камаганын .Ойноп суйлосон да, ойлоп суйло.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан