SUPER.KG'нин "Элдик видео" бөлүмүнө "Абазгановдон өлкө абалы тууралуу курч, сатиралык ыр" аттуу видео жүктөлдү (ник: Aki-meki).
Анда аткаруучулар өлкөнүн учурдагы абалын, андагы көйгөйлөрдү, элдин жашоо-турмушун сүрөттөп, тамашага салып ырдашкан. Ырда "Биз, кыргыздар жөнөкөй эл эмеспиз. Максатыбыз - бардык акчаларыбызды тойго коротуу. Карыздарды төлөө үчүн башкалардан карыз алабыз. Биздин өлкөнүн жолдору идеалдуу. Маршруттук таксилердин айдоочулары дагы жакшы. Аткаминерлерибиз адилеттүү", - деген саптар кездешет. Видеоклип адаттан сырткары тамашалуу көрүнүштөр менен коштолот.
Видеону шилтемеден көрүңүз.