Сүрөттөгү польшалык Павел Ладзиакты көргөндөр ак чач,сакалынан улам аны 60 жашта деп ойлошот. Бирок чынында ал 35 жашта. Социалдык тармактын жылдызына айлануу үчүн сакалын, чачын боёп, өзүнүн жашынан улуу көрүнүүгө аракет кылат.
Ал маалымат каражаттарына берген маектеринин биринде чачтары көп жыл мурун агара баштаганын, башынын жарымында ак чач өскөнүн жактырбай чачын толугу менен ачык түскө боёгонун айткан. Ушундан кийин интернетте анын популярдуулугу арта баштаган. Учурда анын жеке баракчасына жазылгандардын саны 300 миңден ашат.
Павел Ладзиак фитнеске 16 жашында кызыгып, бирок көп өтпөй 10 жыл бою спорт менен машыкпай койгон. 30 жашында кайра спортко кайтып келип, азыркы жыйынтыкка жетишкен.
Павел социалдык тармактагы баракчасына 10-15 жыл мурдагы жана азыркы сүрөттөрүн салыштырып жүктөп турат. Төмөндөгү сүрөттүн алдына ал "Сол жактагы сүрөттө мен азыркы келбетим тууралуу кыялданып жүргөм. 10 жылдык талыкпаган эмгек менин кыялымды орундатты", - деп жазган.
Чымыр денелүү Павел Ладзиактын интернеттин дагы бир жылдызы, бачата бийин катыра бийлеген италиялык миллионер Жанлука Вакки менен окшоштугун байкоого болот. Павелдин айтымында, анын сүрөттөрүнө колдонуучулар Жанлукка Ваккиге окшош экендиги тууралуу комментарийлерин жазышканда гана миллионер тууралуу билген.