Түз эфирдеги талкууда өзбекстандык депутат аялдын көз кысуусу жергиликтүүлөрдүн кыжырын келтирди

Социалдык тармактардын колдонуучулары Өзбекстандын депутат аялын сынга алууда. Буга себеп анын телеберүү учурунда өзүнүн партиялашына көз кысуусу болгон.

Жергиликтүү маалымат булактарынын маалыматына ылайык, түз эфирдеги талкууга Өзбекстан парламентинин "Миллий тикланиш" жана "Адолат" партиясынын депутаттары чакырылган.

Телеберүүдө Бухара облусундагы Чашмаи-Аюб мавзолейинен уурдалган буюмдар жөнүндө талкуу кызуу жүрүп жаткан. Депутаттардын дарегине "Бухара облустук кеңешинин депутаттарынын ролу кандай, парламенттин көзөмөлүнүн натыйжасы кайда?", - деген суроо болгон.

"Бар, бар, ролу бар", - деп жооп кайтаруу менен Олий Мажлисанын депутаты Дилфуза Жалилова жанындагы партиялаш депутатка көзүн кыскан.

Интернетке бул видео тез арада жайылып, депутат аялдын бул жоругу өзбекстандыктардын кыжырын келтирди.

Көпчүлүгү анын көз кысуусу - сөзү жасалган иш менен дал келбей тургандыгын билдирет деп тыянак чыгарууда. "Бул калп айтуунун белгиси", - деп жазышкан көпчүлүк интернет колдонуучулар.

Өзбекстандык депутат аял кимге көз кысты?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ayjan_90
2017-08-12 12:19:12
Бул аялдын коз кысуусун иликтешет али булада закон кучтуу
+6
tular
2017-08-12 12:26:58
Мумкун бир козун кыскан привычкасы бардыр!
+6
machobek17
2017-08-12 12:34:58
tular туура болушу мумкун
-1
Fidel
2017-08-12 14:40:53
Эми бизге кандай тиешеси бар? Жок эле болбогон нерселерди чыгара бербегилечи? Жанылык таппай жатсанар кыдыргыла Кыргызстан боюнча, эптеп эле даяр интернет газетадан кочуруп чыгара бербей! По любому жалкоооо калбыз билинип турат силерден эле!
+20
nurbekasr
2017-08-12 15:56:10
Көз кысбай шымын кысса жакшы болмок.
-2
Makain
2017-08-12 16:39:49
Кунаажын козун сузбосо бука жибин узбойт
-2
Lekarstvosvoegomuja
2017-08-12 21:19:10
Бизде эле акылдуу депутаттар аялдар бар го деп ойлосом корсо они везде)))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан