Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев баштаган делегация Өзбекстандын Андижан шаарында жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, делегация Өзбекстандын Андижан шаарына барды. Делегациянын курамында шаардагы тиешелүү тармак жетекчилери, ишкерлер жана маданият кызматкерлери, журналисттер барган. Мында Андижан облусундагы өзбек-герман ишканасына барышып, логистикалык борбор, мөмө-жемишти кайра иштетүүчү ишканалардын иши менен таанышышты. Сапардын жүрүшү Бабур атындагы тарыхый музейинде уланды.
"Жолугушуунун жүрүшүндө Ош шаарынын мэри шаар жетекчилигине боз үй белек кылып Андижан шаарына кыргыздын улуттук боз үйү тигилди. Жумушчу сапардын жүрүшүндө Ош жана Андижан шаарларынын ишкерлери ортосунда бизнес форум өткөрүлдү. Форумдун алкагында ишкерлер эки тараптуу соода мамилелери боюнча пикир алмашып, тажрыйба бөлүшүштү", - деп билдирди басма сөз кызматы.