SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Апакеңизге алгачкы белегиңиз?" деген темада автор: "Ар бирибиз апабызга жакшы нерселерди алып бергибиз келет. Баласынын эң алгачкы белеги апалар үчүн чоң жетишкендик, сүйүнүч болуп саналат. Эстеп көрүңүзчү, сиз алгачкы жолу апаңызга эмне белек бердиңиз эле?" - деп суроо салган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Эң алгачкы белегимди апамдын туулган күнүндө 15 сомдой акчага жасагам. Ал кезде кичинекей бала болчумун. 15 сомго эч нерсе келбейт дешиңиздер мүмкүн, бирок келген. Кытайдын витаминдери, ичинде сагыз бар эле. Апам ошол белекти азыр дагы өмүрүндөгү эң баалуу белек деп эскерет".
"Апама мектепте окуп жүргөндө эле жайкысын өзүнүн колунда кафеде иштечүмүн. Кичинекей кезимде ачык кат (открытка) жасап, чоңоюп акча таап баштаганымда PRADA баштыгын бергем. Ал баштыгы азыр да бар".
"Мен 6-классымда апам 50 жашка чыккан. Сүрөтчү болуп чогулткан акчама шуру (жемчуг) алып бергем. Аябай сүйүнгөн эле".
"Эх, апакемдин туулган күнү май айында болгондуктан 3-классымда мектептен кыпкызыл болуп ачылган роза гүлдөрүн уурдап, досум экөөбүз 10 сомго ачык кат алып каалоо-тилек жазып бергем. Азыр да ошол белек сакталуу, болгону өпкөн помаданын издери билинер-билинбес болуп калган. Ал эми быйыл берген бриллиант шакегим жашоомдогу эң чоң белегим болду".
"Чынын айтсам, белек деп деле атабайм. Эмне алсам баарын апама деп турам".
"Алгачкы белегим эсимде жок, бирок биринчи ирет көрүнүктүү белегим күмүш сөйкө болгон. Окуу жайда курстук иш, реферат, дипломдук иш тапшырыкка жазчумун, ошол акчалардан чогултуп сонун сөйкө алгам. Абдан сүйүнгөн".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.