Персеид метеордук агымынын эң мыкты сүрөттөрү

12-августтан 13-августка караган түнү Жердин түндүк тарабынын айрым жерлеринин тургундары метеорлордун жаашына күбө болушту.

Бул кубулуш жыл сайын Жер Свифт-Таттл кометасынын аймагына кирген маалда, июль-август айларында кайталанып турат.

"Кийинки күндөрү 20-августка чейин да метеориттердин учушун көрүү мүмкүн. Эгер сиз ал мүмкүнчүлүктү коё берген болсоңуз, азыр да кеч эмес", - деген Британиянын астрономия сүйүүчүлөр коомунун вице-президенти Робин Скагелл.

Эскерте кетсек, буга чейин Свифт-Таттл кометасынын чаңдарынын майдалары Жер атмосферасына кирип күйүп кетери, Жердегилерге жылдыздар жаагандай көрүнөрү маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nuura-shirin
2017-08-14 09:11:33
Эн акыркы сурот соонун экен
+1
TIMON_BERKOWITZ
2017-08-14 09:33:37
5чи сүрөт жасалма окшойт)
0
Sultanmatievkg
2017-08-14 11:46:25
Мен жайлоодо жургондо жылдыздардын жааганын коп еле корчумун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан