Казакстан Кыргызга гуманитардык жардам берет

Казакстан Кыргызга гуманитардык жардам берерин кечээ, 13-августта Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда билдирди.

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев эки тараптуу актуалдуу маселелерди чечүү үчүн эки тарап тең түшүнүү менен мамиле жасап, алдыга жылууга кызыкдар экенин билдирди.

"Казакстан ортосунда эки элдин кызыкчылыгы үчүн бардык маселелерди чечүүгө түшүнүү менен мамиле жасап, аны аткарууга кызыкдар. Бул баарынан маанилүү. Кыргыз тарап аймагындагы курорттук зоналарга эч кандай тоскоолдуксуз туристтерди өткөрүүгө бардык шарттарды түзгөндүгү абдан жагымдуу. Жакын арада тараптар "Ак-Тилек – автодорожный" жана "Кара-Суу" көзөмөл өткөрүү пункттарын бириктирген көпүрөнү каржылоону баштайт. Ошондой эле жакында "Кең-Булуң – автодорожный" жана "Токмок – автодорожный" көзөмөл өткөрүү пункттары көп тармактуу болуп статусу өзгөрүлөт. Мындан сырткары тараптар ортосунда мамлекеттик чек араны тактоо жана аныктоо боюнча келишимдин долбоору талкууланып бүттү. Ага жакын арада кол коюу пландалууда. Эки элдин бир туугандык, достук мамилесин эске алуу менен, биз жакын арада Кыргыз Республикасынын түштүк тарабында болгон жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга курулуш материалдарын гуманитардык жардам катары жөнөткөнү турабыз, - деген Бакытжан Сагинтаев.

Сооронбай Жээнбеков биздин өлкөнүн ЕврАзЭС курамына кирүүсүнө байланыштуу техникалык жардам көрсөтүү катары 100 миллион АКШ долларын бөлүү боюнча макулдашууну ратификациялагандыгы үчүн Казакстан тарапка ыраазычылык билдирип, Астана шаарында эл аралык адистештирилген "ЭКСПО-2017" көргөзмөсүн ийгиликтүү өткөрүүсү менен куттуктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
almanbetperm
2017-08-14 11:10:45
)))))))))
+2
daak9191
2017-08-14 11:26:39
Маанулуу маселени талкулап жаткан кыргызга берет окшойт да балким бул кыргыз дагы бир чон уй салып матиралы жетпей жаткандыр
+6
grace
2017-08-14 11:33:10
Чек араны тактоо жана аныктоо дагы эле бүтө элекпи? Каркыраны беришти, ошону менен бүткөндөй эле го... Билгениңер жооп бергилечи.
+2
tursunbaev78
2017-08-14 11:43:51
Уят эле коңшу өлкөлөрдүн эң жакыры эле биз болсок керек даже Тажикстанда өнүгүп бизден өтүп кетти
+10
Begim94
2017-08-14 11:54:37
ХХХХ болуп бул жакта проблемалары ашып атса жүргөнүн кыдырып
+4
admin_superstan
2017-08-14 12:05:58
Begim94, этика нормаларын сактаңыз. Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
-3
ermek_90kg
2017-08-14 12:00:05
Тажаган жоксунарбы)))
+2
admin_superstan
2017-08-14 12:04:54
meni_kut, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Бул тууралуу түшүндүрмө берилип, эскертилген. 2 күнгө БАН!
-4
admin_superstan
2017-08-14 12:10:25
mirlan_86, tursunbaev78, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
-4
nurbekasr
2017-08-14 12:13:29
Галдирбайлар десе,лөлүдөн айырма болбой калды карыз сурай берип.Бизге эмне жетбейт ач эмесбиз курсак ток Аллага шүгүр.Бизге уят ар намыс жетишбей жатат.Качан карыз алганды токтотобуз.Өлүп кетсеңер ошол карыз өз мойнуңарда кетет аркы дүйнөгө.Карыздан корккула.
+9
ekaterinburg
2017-08-14 12:20:18
Биздин чек арадан тоскоолсуз отот экен!Алардын чек арасынан отсон "жинди"текшеришет.Жакында эле оттум.Тытып ийишти.Мамлекеттин алсыздыгыбы ошондо?
+10
kuba502
2017-08-14 12:22:05
Биздин бийлик дубаначылык кылгандан уялбады да
+11
kanimjan92
2017-08-14 12:32:05
Тема боюнча жазсам эч бир олко учун куйгон "чиновник" келбей койду бийликке.Баары эле байлык топтоого умтулушат,качан тушунушот болду экен байлыкты корго алып кете алышпаганын.
+4
barsbegKG
2017-08-15 11:36:05
Қазақстан жана қытай менен чекарабыз тақталған го??? Бул дағы эмнеси? Өзбекстан жана тажикстан менен болғон чекараны элди таарынтпай тақтап алсақ аябай жақшы болмоқ.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан