Пакистандын түндүк-батыш тарабындагы Хайбер-Пахтунхва аймагында бир нече жыл аралыгында 1 миллиард дарак отургузулду. Бул тууралуу Рikabu басылмасы кабарлайт.
Аймактын башчысы Имран Хан 2015-жылы токойлорду калыбына келтирүү боюнча кампаниясын баштаган. Жаратылышты коргоо боюнча эл аралык коому 11-августта аталган аймакты бул жетишкендиги менен куттуктады. Өлкөнүн бюджетинен бул кампанияга 123 миллион доллар бөлүнүп, 13 миң дарак өстүрүүчү жайлар курулган.
2011-жылы түзүлгөн Bonn Challenge уюму 2020-жылга 150 миллион гектар, 2030-жылга 350 миллион гектар кунары кеткен жерлерди жана токойлорду калыбына келтирүүгө чакырып келет. Учурда 20дай өлкө алардын сунушун кабыл алышкан.