Белгилүү "Кыз-Бурак" тобунда 16 жыл ырдап, кийин "АГК" тобун түзүп, жигиттерден турган "Жебе" тобун негиздеген ырчы Кенже Дүйшеева бүгүн, 16-августта саат 15:00дө SUPER.KG'нин түз эфирине келмекчи. Ырчынын жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу билгиңиз келсе, ага суроо узатып, түз эфирден жооп ала аласыз. Кенже Дүйшеева жөнөтүлгөн суроолордун арасынан оригиналдуу суроонун ээсине белек берерин белгилейбиз.
Эскертебиз, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
Суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.