SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Баламдан ажыраганды каалабайм" деген тема талкууга алынган.
Темадагы автордун билдирүүсү: "Эл катары окуумду бүтүп, мектепте сабак берип иштеп калдым. Турмушка чыктым. Кош бойлуу экенимди билип жолдошум экөөбүз аябай кубандык. Кайын журтум жакшы кишилер. Балалуу боло элек бир кайнежем бар. Күйөөсү аны сүйгөндүктөн ушунча жылдан бери балалуу болбосо да жашашат экен. Негедир боюмда болгондон тартып баламды алып коё тургансып ичим "болк" деп калар эле. Балам төрөлүп, баарыбыз сүйүндүк. Азыр там-туң басып калган. Арада кайнежем кыйытып баланы сурап калчу болду. Жакында туугандардын көзүнчө сураганынан бербейм дештен тартынып "кийинкисин берем" деп койдум. Ошондон кийин сурабай калды. Эми отурсам, турсам кыйналып кетип жатам. Туура, кийинки балабыз качан төрөлөт, Кудай билет. Ошентсе да төрөлгөндөн кийин алып кетерин элестетсем жүрөгүм токтоп, суурулуп кетчүдөй сезиле берет. Эмне кылсам экен? Канткенде бербей коё алам? Эмне десем болот? Балдарымды өзүмдө калтыруунун жолу барбы? Кеңеш бериңиздерчи, жардамыңыздарга муктажмын".
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кайнежеңдин көңүлү үчүн балаңды бербе. Кийин өзүң да, балаң да, кайын эжең да кыйналат. Берип жаман көрүнгүчө, бербей жаман көрүн. Кайнежең намыстангандан өзү төрөп алат".
"Анын эмнесине кысыласыңар. "Убагында берем деп жубатып койгонмун, кантип бере алат элем? Капа болбоңуз, бере албайм" деп кой. Көңүлү болсо башка баланы алып, мээрим төгүп багып кете алса, Кудай өзү да берер беле. Ичиңден чыккан ийри жыланды кимге бере аласың? Биринчи эле балаңды сураган акылсыз, акмак неме го деп да ой кетти. "Бир бала төрөдүм, дагы көп төрөп алам да" деп да ойлобогула. Алла бир, өзү билет экинчисин качан берет. Ошондуктан силердин айтканыңар да туура эмес деп ойлойм".
"Алардын көңүлүн ооруткуң келбесе берип койсоң болот, баары бир сенин көз алдыңда чоңоёт. Мындайлар көп эле, такыр аргасы жок болсо соопко деле каласың. Балким, сүйүнгөнүнөн кош бойлуу болуп калар".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.