Голливуд жылдызы, актриса Хэлли Берри 51 жашка толду. Ал 1966-жылы 14-августта АКШнын Огайо штатындагы Кливленд шаарында туулган. Хэлли Берри 4 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетип, сиңдиси экөөнү апасы жалгыз багып чоңойткон. Мектепте окуп жүргөндө эле коомдук иштерге активдүү катышып, футболдук команданы колдоочу чирлидерлер тобунда капитан болгон. Мектепти аяктагандан кийин журналистика жаатында билим алуу үчүн колледжге окууга тапшырган.
Хэлли Берри сулуулар сынагына да катышып келген. Ал 1985-жылы өспүрүмдөр арасындагы сулуулар сынагын жеңген. Андан соң "Мисс Огайо" наамына татыктуу болгон. 1986-жылы "Дүйнө сулуусу" сынагына катышып, алтынчы орунду алган. Муну менен актриса сынактагы биринчи афроамерикалык катышуучу аталып калган. Кийин ал өзүн моделдик бизнесте сынап көрүүнү чечкен. Бирок анын бою 166 сантиметр болгондуктан жарнамаларга тартылган.
Хэлли Берри 2000-жылы "Алтын глобус", "Эмми", 2002-жылы "Оскар" сыйлыгынын лауреаты болгон. "Желмогуздар балы", "Икс адамдары", "Готика", "Мышык-айым" аттуу тасмаларга тартылып атактуулукка жетишкен.
Хэлли Берри биринчи күйөөсү Дэвид Жастис менен 1993-жылы үйлөнүп эки жылдан соң ажырашып кетишкен. 2005-жылы Габриел Обриге турмушка чыгып, 2008-жылы түгөйлөр Нала Ариэла Обри аттуу кыздуу болушкан. Дагы эки жылдан кийин Хэлли Берри күйөөсү менен ажырашып кеткен.
2010-жылы тасма тартуу учурунда кесиптеши актёр Оливье Мартинес экөө үйлөнүшкөн. 2013-жылы Масео Роберт аттуу уулдуу болгон. Азыркы тапта актриса эки баласын өзү тарбиялайт.
Ал жыл сайын дүйнөдөгү эң сулуу айымдардын тизмесинен орун алган. Бирок анын кемчилиги катары бир бутунда 6 манжасы бар экени айтылат. Хэлли Берринин акыркы мезгилде түшкөн сүрөттөрүн көргөн күйөрмандарынын бири актрисанын кош бойлуу дешсе, кээ бири толуп кеткен деп болжолдошкон эле. Актриса бул боюнча "Кыздарга стейк менен фри жегенге эмнеге болбосун" деп кош бойлуу экенин четке каккан. Быйыл Хэлли Берри катышкан "Уурдоо", "Kingsman: Алтын шакек" өңдүү тасмалар экранга чыгат.
14-августтун жылнаамасы.