Мындан 109 жыл мурун, 1908-жылы 14-августта Англиянын Фолкстоне шаарында Биринчи эл аралык сулуулар сынагы өткөрүлгөн. Сынакка 5 өлкө катышкан: Франция, Англия, Австрия, Ирландия жана АКШ. Биринчи эл аралык сынакта англиялык 18 жаштагы Нелли Жерман жеңишке жеткен.
Нелли Жерманга кечки жана пляж үчүн да кийими жарашыктуу болуп, "Мен дүйнөдө тынчтык болуусун жана атамдын жаңы чочколуу болушун каалайм" деп баарын багындыра алган. Кийинки жылы сынак көңүл чордонунда болуп, азыркы "Дүйнө сулуусу" сынагына түрткү болгон.
Ал эми "Дүйнө сулуусу" сынагы биринчи жолу 1951-жылы 15-апрелде Лондон шаарында болгон. Мындан улам Лондон дүйнөлүк сулуулуктун борбору аталып калган. "Аалам периси" сынагы да биринчи ирет Лондон шаарында өткөрүлгөн.
14-августтун жылнаамасы.