Өзөктүк курал адамзатка кандай кооптуу абал жаратып жатканын көрсөтүүчү видео жарыяланды

Маалыматтарды жеткиликтүү кылып көрсөтүп берүү боюнча эксперт Нейл Хэллоран өзөктүк согуштун жыйынтыгы тууралуу видео жарыялаган. Видеодо автор Жердин калкынын саны кандай өзгөрүп жатканын, төрөмдүүлүк менен өлүмдүүлүктү көрсөтөт. XX кылымдын динамикасында 2 дүйнөлүк согуштарынын өлүмдүүлүккө берген таасирин так көрүүгө мүмкүн.

"Мен Хиросима жана Нагасакиге болгон өзөктүк чабуулдан каза болгондордун санын жана жарылуунун күчүн көрсөтүп, атомдук бомбасы бар заманбап армиялардын жаратып жаткан кооптуу абалын чагылдырууну туура көрдүм. Эгер үчүнчү дүйнөлүк согуш башталса, өзөктүк куралы бар өлкөлөр бири-бирине чабуул жасай башташат. Андан улам АКШ, Европа, Орусия жана дагы башка өлкөлөрдүн жашоочуларынын башына атомдук апокалипсис түшөт. Тагыраак айтканда, мындай коркунучтуу согушта эч ким четте калбайт. Австралияга гана бомба түшпөшү мүмкүн, бирок ага да кепилдик жок", - деген эксперт.

Кыскасы, өзөктүк бомба адамзат үчүн эң эле кыйратуучу фактор. Ал адамзатты жок кылбаса да, алардын өнүгүүсүн артка тартат.

Greenologia басылмасынын маалыматы боюнча, өзөктүк куралга мыйзамдуу түрдө АКШ, Орусия, Франция, Улуу Британия, Кытай ээ. Ал эми мыйзамсыз ээ болгондор Индия, Түндүк Корея жана Пакистан. Ошондой эле Израиль дагы өзүнүн өзөктүк куралын жасаганы айтылып келет.

Өзөктүк согуштан адамзаттын жоготуусу кандай?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bakyi
2017-08-16 10:01:59
Тилеке каршы түшүнбөй калдым....
+1
kychan.98
2017-08-16 17:41:29
Bakyi,ангилисче билбесен тушунбойсунда жогоруда айтыптырго ошону айтып жатат
0
keba300989
2017-08-16 10:25:26
Бул жерде Америка кысып журсоле тычтык болот
0
Atas
2017-08-16 10:35:35
Koreiler birdi korot go
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан