Өткөн сутка ичинде республика боюнча оң рулдуу унаалар катышкан 6 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Ысык-Көл облусунда 1, Талас облусунда 1 автокырсык болгон. Натыйжада 1 адам каза болуп, 14 адам жаракат алган.