Бүгүн, 15-августта президент Алмазбек Атамбаев кеңешчиси Мира Карыбаеваны кабыл алып, сентябрда өткөрүлө турган "Ислам азыркы светтик мамлекетте" аттуу эл аралык конференцияга даярдыктын жүрүшү тууралуу маалыматты укту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган эл аралык долбоордун максаты улуттук мамлекеттердин маданий өзүнчөлүгүн сактап калуу. Ошондой эле диний баалуулуктарды жайылтуу шылтоосу менен радикалдуу идеяларды киргизүүгө жол бербөө, жалпылап айтканда, диний чөйрөдө демократиялык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Жолугушуунун жүрүшүндө президентке Кыргыз мамлекетинде өткөрүлө турган конференциянын ишине эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышары болжолдонуп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.
Алмазбек Атамбаев конференцияга жакшы даярдыкты камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.