Бүгүн, 16-августта "Кыргыз киносу" кинотеатрындагы ретро кинолор жумалыгы соӊуна чыгат. Бул жумада эл эсинде калган "Жамийла", "Караш-караш", "Майсалбектин каты" жана башка ретро тасмалар көрсөтүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган жайдын аткаруучу директору Айгерим Усонова билдирди.
"Ретро жумалыкта улуу муундагы көрүүчүлөр көп келет го деп болжолдогон элек. Бирок жаштар басымдуу болду. Бул да болсо маалыматты интернеттен таратканыбыз үчүн болду окшойт. "Жамийланы" көрүүгө көп адам келди. Буюрса, эми кайсы бир даталуу күндөргө карап ретро тасмаларды көрсөтөлү деп жатабыз. Ал эми ретро жумалыгы качан кайталанары азырынча белгисиз", - дейт Усонова.
Ал эми бүгүн ретро жумалыктын соӊунда кыргыздын залкар актёру Сүймөнкул Чокморов баш каармандын образын жараткан "Жалаӊ эркектер" тасмасы көрсөтүлөрүн кошумчалай кетти.