ЖЫЛНААМА, 16-АВГУСТ: Тирүү легенда, поп-музыканын ханышасы аталып, сахнада өбүшүүнү жактырган Мадонна 59 жашын белгилөөдө

Ар бир мамлекеттин эли өздөрүнүн эң белгилүү ырчыларын "Биздин өлкөнүн Мадоннасы" деп Мадоннага теңеп келишет. Тирүү легенда, поп-музыканын ханышасы аталган таланттуу актриса бүгүн, 16-августта 59 жашын белгилеп жатат. Сулуулугу, таланты менен дүйнө элин багындырган ырчы 1958-жылы АКШнын Мичиган штатынын Бей-Сити шаарында жарык дүйнөгө келген. Толук аты-жөнү - Мадонна Луиза Вероника Чикконе. Ал катышкан белгилүү тасмалардын катарына "Төрт бөлмө" ("Четыре комнаты"), "Эвита", "Мыкты дос" ("Лучший друг") жана башкалар кирет. Ырчынын көптөгөн ырлары дүйнөлүк чарттарда биринчиликти алып рекорд койгон: "Like a Virgin" (1984), "La Isla Bonita" (1986), "Like a Prayer" (1989), "Vogue" (1990), "Frozen" (1998), "Music" (2000), "Hung Up" (2005) жана "4 Minutes" (2008).

Бала чагында таттуу токоч бышырып сатып, балмуздак алып жечү

Мадонна төрөлүп өскөн үйү тууралуу: "Бул үй балалыгымдагы кубанычтуу да, кайгылуу да күндөрдү эске салат. Курбум Мессана экөөбүз таттуу токоч бышырып алып көчө кыдырып сатып, балмуздак алып жечүбүз. Кайгылуу дегенимдин себеби бул үйдөн 35 жашында рак оорусунан каза болгон апамдын сөөгү чыккан. Бул үйдө бий мектебине тапшырганча, тагыраак айтканда, 19 жашыма чейин жашадым", - деп айтканы бар.

Жазуучу Мадонна

Мадонна ырдап, фильмге эле тартылбастан, чыгарма да жазат. Китептеринин көпчүлүгү жаш балдарга ылайыкталган жомок китептери болуп эсептелет. Китептери да ырлары сыяктуу бир темадан бир темага аттап, ар түрдүү көз карашты пайда кылып келет.

Бетине бырыш түшүүсү, картаюу - ырчынын фобиясы

Маалыматтарга караганда, Мадоннанын фобиясы - ратифобия, башкача айтканда, ал картаюудан, бетине бырыш түшүүдөн абдан коркот. Ошондуктан ар түрдүү спорттук машыгууларды жасоо менен келбетин, сулуулугун сактап келет.

Ар бир жаңы сүйүктүүсү мурункусунан жаш

Мадонна Нью-Йоркко келгенден кийин 20 жашында белгилүү продюсер Жон Бенитес менен сүйүү мамилесин курган. Ал адам ырчынын бутуна турушуна жардам берген. Кийин Мадонна сүрөтчү Жан-Мишель Баския менен мамиле куруп, бирок ортодогу сезимдер көпкө узаган эмес. Ырчы актёр Шон Пеннге турмушка чыгып, 4 жыл чогуу жашаган. Бул учурда актёрду "Мистер Мадонна" деп дагы аташкан. Мындан сырткары Мадонна бир нече атак-даңктуу адамдар, өзүнөн жаш жигиттер менен кыска убакытка мамиле курууга жетишкен. Ал эми анын тун кызы Лурдес Мария Чикконе-Леондун атасы латын америкалык фитнес машыктыруучу Карлос Леон. Ырчынын эң узак сүйүү мамилеси британиялык режиссёр Гай Ричи менен болгон. Экөө 8 жылдан ашык убакыт чогуу жашап, Рокко аттуу уулдуу болушкан. Мадонна өзүнүн балдарынан сырткары Мерси Жеймс жана Дэвид Банд аттуу балдарды багып алган.

Мадонна жана Кевин Сампайо

Белгилей кетсек, ушул жылдын февраль айында ырчы Чыгыш Африкада жайгашкан Малави өлкөсүнөн 4 жаштагы Эстер жана Стелла аттуу эгиз кыздарды багып алганы белгилүү болгон. Ошол мезгилден тарта ал социалдык тармактардагы баракчаларына кыздарынын сүрөттөрүн байма-бай жүктөп келет. Мадоннанын азыркы сүйүктүүсү деп 31 жашта, португалиялык модель Кевин Сампайону айтышат. Экөө бир жыл мурун ырчынын "Bitch, I am Madonna" ырынын клибине тартылып жатканда таанышкан. Июнь айында Мадонна Кевин үчүн АКШны таштап Португалияга көчүп кетери айтылган.

Ырчынын Эстер жана Стелла аттуу эгиз кыздары

Сахнада өбүшүүнү жактырган Мадонна

Мадонна 2003-жылы MTV Video Music Awards сыйлык берүү аземинде сахнадан атактуу ырчылар Бритни Спирсти жана Кристина Агилераны ооздорунан өөп, дүйнө элинин кызуу талкуусуна калган. Ал эми 2012-жылы өзүнүн концертинде 24 жаштагы сүйүктүүсү, бийчи Брахим Заибат менен өбүшкөн. 2015-жылы апрель айында АКШда өткөн фестивалда Мадонна рэпер Дрейкти өөп, ал кызыктай абалда калган.

Бритни Спирс жана Мадонна

16-августка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
raykray
2017-08-16 21:17:10
Атактуулугу жакшы жиркеничтууго обушкону,ар ким менен суйушкону жаман экен анан эмнеге биз Д Акулова эжебизди мадоннабыз дейбиз,
+1
Lekarstvosvoegomuja
2017-08-16 22:51:21
raykray, динара эмес айчурок
-1
AKCAHAT
2017-08-17 03:10:24
Акыркы суротунда толуп кеткенби жага бербейт
0
admin_superstan
2017-08-17 09:59:19
maratbek88.88, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан