Оштогу автокырсыктан бир аял жана анын 4 жашар баласы каза болду

КРнын Акыйкатчысынын Оштогу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери автокырсыкка кабылган 3 адамдын өмүрүн сактап калууга себепкер болушту. Окуянын күбөсү болгон Т.Орозматованын айтымында, алар 4 киши болуп Өзгөн шаарын көздөй баратып, трассадан эки унаанын сүзүшкөнүнө күбө болуп калышкан. Мерседес жана Хендай Портер үлгүсүндөгү унаалардын сүзүшүүсүнөн 4 адам жаракат алган. Анын ичинде 4 жашар бала да болгон. Окуядан соң Мерседестин айдоочусу качып кетүүгө үлгүргөн, ал эми укук коргоочулар жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, Ош облустук ооруканасына жеткирген. Бирок ооруканадан Майрам аттуу аял менен анын 4 жашар баласы Ариет каза болуп калган. Калган 3 адамга өз убагында жардам көрсөтүлгөндүктөн, аман калышканын дарыгерлер билдиришти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан