Ош облусунун Ноокат районундагы Жарандардын актылык абалын каттоо адиси ооруканага суранып, жумушка 15 мүнөт кечиккен. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта аталган мекеменин башчысынын милдетин аткаруучу Салкынай Шакирова SUPER.KG порталына билдирди.
"Бүгүн жетектөөчү адис "тишим катуу ооруп жатат" деп бир аз убакытка суранып кеткен. Ооруканадан келер замат жарандардын жумуштарын бүтүрүүгө киришкен. Айганыш Касиева күттүргөнү үчүн баарынан кечирим сурайт", - дейт Шакирова.
"Мен тиш дарыгерине сурангам. 15 мүнөт кечигип калдым, кечирим сурайм", - деген кызматкер.
Эскерте кетсек, окурман бүгүн "Элдик кабар" рубрикасына аталган мекемеде иш убагында башталбай, жарандар кезекте турганын кабарлаган.