Бүгүн, 16-августта "Медиа-портал" бөлүмү ырчы Лутфилла Бусурманкуловдун "Сардал кыз" ырынын клиби менен толукталды. Ырчы клип тартуу процесси кандай өткөнү тууралуу буларды билдирди:
"Клиптин алгачкы бөлүгү, тагыраагы менин тоолордун арасында ырдап жатканым Чоӊ-Алайда бир жыл мурун тартылган. Бул жылы калган бөлүгү тартылды. Ал эми баш каарман тууралуу айта кетсем, ал кызды бир күнү өзүм иштеген телеканалдан көрүп калдым. Мен элестеткен Сардал кыздын образын жарата аларына ишенип, ага сунуштасам, каршы болгон жок. Тартуу учурунда ал берилүү менен, кыйынчылык жаратпай ойноп берди.
Ал эми бийлөө учурунда күн ысык болуп, аябай тердегенбиз. Кызыгы, магнитофон жок болгондуктан унаага музыка коюп бийлеп жаттык. Андыктан биз клип тартып жаткан этноресторанда отурган коноктор съёмка бүткүчө "Сардал кызга" бийлеп жатышты. Албетте, алардын биздин чыгарманы жылуу кабыл алганы кубандырды", - дейт ырчы.
Лутфилла Бусурманкуловдун "Сардал кыз" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.