Текебаевдин кызыл кийимчен тарапташтары сот имаратынын алдына чогулушту

Бүгүн, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Анын жүрүшүндө айыпталуучу тарап акыркы сөзүн сүйлөп, сот кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.

Азыркы тапта сот имаратынын алдында Өмүрбек Текебаевдин 50гө жакын тарапташтары чогулушту. Алар кызыл футболка жана кызыл кепка кийип алышкан.

"Текебаевдин камалышы демократиянын камалышына барабар. Бул улуттук трагедия. Сотто адамдык абийир болсо акыйкат чечим чыгарарсың" деди чогулгандардын бири.

Ал эми коопсуздук үчүн жүздөй милиция кызматкери сот имаратты курчап турат. Атайын айнеги темир менен тордолгон автобус да алып келинген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
nemo2016
2017-08-16 16:57:13
Текебаевге боштондук жалаа жапкандарда оз жазасын алсын
+17
dinar-87
2017-08-16 16:58:15
Камалат окшойт автобустарыдан бери даярдап коюптурго ызы чуу кылса салып кетебиз деп.
+15
Alixan-Nookat.2015
2017-08-16 16:58:17
Бир орустун созуно кирип соттосо анда сотторго соз жок, анда экс президент Аскар Акаевдин айткан созун эске алып дагы бир киши бар ошонуда камаш керек деп ойлойм.
+33
jonne
2017-08-16 17:06:07
Текебаев менен Жапаров бирикле экоонордуку тен окшош болуп атат далил жок камайбыз деп!!!
+17
saltanat.
2017-08-16 17:06:39
Баары бир
-11
Nurmat8921
2017-08-16 17:12:38
ах теке аша сени арзан саттып жиберди. теке ош окуясына тиешеси бар дешет жазасын алсын
-23
Snejana
2017-08-16 17:30:10
Текебаевке боштондук!!!!
+15
admin_superstan
2017-08-16 17:46:53
Snejana, эрежелерди сактаңыз. Эскертүү!
-2
Snejana
2017-08-16 18:44:15
admin_superstan,эмнеге эскертуу бердинер? Айтып койгулачы, точна кайсы жеринен ката кетирдим (билбей калдым го). билип алсам кийин кайталабаганга аракет кылам. Жооп кутом.
+3
legion-arbat
2017-08-16 17:47:17
Муйузун сынарына аз калыпсын.
-11
taalay89
2017-08-16 18:00:58
Боштондук текебаевге ак ийилет бирок сынбайт
+9
Atas
2017-08-16 19:31:10
Bul kyzyl kiimchenderge akcha taratylgandygy korunup ele turat , ailykka ishtep atyshkany korunup ele turat bularda da bet jok eken , akchaga satylgan
-5
Snejana
2017-08-16 19:41:17
Айтылуу "Акыр заман" чыгармасында, Понтий Пилат деген прокурордун Ыйса пайгамбардын туруктуулугуна таң калып турган жери бар эле... Биздин сот Айбек дагы "кылмышкерлердин" актыгына ичинен таң калып бүтпөй жатса керек" деп жазыптыр бироо ФБ га.
0
aitowa11
2017-08-16 19:53:37
Сот кеңешүү залынан дагы деле чыга элекпи
0
Attila88
2017-08-16 20:15:02
8бай менен атасы бай бийликти ээлеп алып каалаганын кылам деп миллион элдин каргышына калып жатат.жооп берер кун келет буюрса
+1
Attila88
2017-08-16 20:49:27
Бакиев Акаев тушунда да туугандарын камап коркуткан эмес.бийлик аша чаап кетти.бул эркекче эмес.2озбекистан кылам деп ойлосо бийлик катуу жанылат.себеби биз озбек эмеспиз.бакиев да мынчалыка барбаган.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан