"Так талашуу оюну" сериалынын жаңы сериясы премьерасына 5 күн калганда интернетке жарыяланды

Премьерасы 21-августка караган түнү боло турган "Так талашуу оюну" сериалынын 6-сериясы интернетке жарыяланып кетти. Бул тууралуу Mashable жана Reddit социалдык сайтынын колдонуучулары кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, ага Испаниядагы НВО америкалык кабелдик каналы күнөөлүү. HBO Spain бүгүн, 16-августта өзүнүн каналына жазылган колдонуучуларына сериалды ачып койгон, алар катаны 1 сааттан кийин гана оңдошкон.

"Так талашуу оюнунун" 6-сериясынан кадрлар жана 2 мүнөттүк ролиги бир нече социалдык тармактарга жарыяланып, бирок кайра өчүрүлгөн. Бирок айрым социалдык тармактарда жаңы сериясындагы кызыктарын ачыктаган көптөгөн билдирүүлөр өчүрүлбөй калган.

Буга чейин сериалдын 4-сериясы да интернетке премьерасынан мурун тарап, ал индиялык телеканалдардын биринен жарыяланганы болжолдонууда.

Июль айынын аягында хакерлер НВО'нун серверинен 1,5 терабайт маалымат уурдашканы маалым болгон. Кийинчерээк алар 4-сериалдын сценарийин жарыялап салышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
adjo_krsu
2017-08-16 18:37:37
Негизи жакшы сериал, Game of Thrones.
0
maratbek88.88
2017-08-16 20:17:21
кайсы сайттардан тапса болот экен менда кутуп аткан болчум 6 сериясын
0
admin_superstan
2017-08-17 10:27:01
tahircan, башка сайттардын шилтемесин калтырууга тыюу салынат. 3 күнгө БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан