Бишкекте унаасын дарак басып калган үй-бүлө Жашылдандыруу ишканасын сотко берүүдөн баш тартууда

Бишкекте унаасын дарак басып калган үй-бүлө Бишкек шаардык мэрияны жана Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасын сотко берүүдөн баш тартууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта SUPER.KG порталына жабырлануучу Элмира Ибраимова билдирди.

"Биз буга чейин сотко арыз жазып, жактоочу таап мекемеден унаанын талкаланганын оңдотуу үчүн акча өндүрүп алууну пландап жатканбыз. Көрсө, мындай соттук отурумдар карапайым адамдар үчүн кыйын эле экен. Анткени соттук иш менен алектенип жүрүп жеке жашообуз калып калат экен. Жайкы эс алуу бүтүп жакында балдарыбызга кийим сатып алыш үчүн иштешибиз керек болууда. Жактоочу менен кеңешип көрдүк. Ал соттон уткан менен сот мэрия менен Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасына ай сайын 100-200 сомдон төлөп турсун деп чечим чыгарып коюшу мүмкүн экен. Төлөм бир топ жылга созулуп кетиши мүмкүн экен. Мындан сырткары жактоочунун да эмгек акысын төлөгөнгө мүмкүнчүлүгүбүз жок болууда. Ошондуктан биз баш тартканы жатабыз", - деп билдирди Ибраимова.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаардык мэрияны жана Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасын сотко берүү аракетин көрүп жаткан.

Буга чейин Жибек Жолу көчөсүндө 40 жылдан бери өскөн дарак тамыры менен кулап, жеңил унааны басып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aerforce
2017-08-16 22:31:52
Ошентип коркутуп анан каралбай калат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан