Кыргыз жана Өзбек өкмөт башчыларынын жолугушуусунда бир катар документтерге кол коюлду

Бүгүн, 16-августта эки өлкөнүн өкмөттөр аралык отурумунда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз менен Өзбекстандын соода-экономикалык кызматташуусу мындан ары да жакшыра турганын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов биринчи жолу Кыргыз мамлекетине келгенин, бүгүн тарыхый күн болгонун баса белгиледи.

Отурумда өкмөттөр аралык 8-отурумдун протоколуна жана чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча протоколго кол коюлду.

Кыргыз өкмөт башчысы Өзбек тарап менен соода-экономикадан тышкары маданий-гуманитардык, билим берүү, дене тарбия жактан кызматташуу улана турганын кошумчалады. Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев жакын арада Өзбекстанга расмий иш сапары менен бара турганын билдирди.

Ал эми өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов бүгүнкү отурумдагы сүйлөшүү Өзбекстан тарапты канааттандырганын айтты. Кыргыз мамлекети менен бардык тармак боюнча кызматташууга даяр экенин белгилеп өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Aziz_aka
2017-08-16 21:51:13
Дагы кайжерди Саттынар
+7
BekAmir
2017-08-16 22:05:02
Жерибизди алдатпагыла
+3
bekhaliev
2017-08-16 22:26:32
Жакшыыы
-3
KGstan1981
2017-08-16 23:17:11
Атамбаевтин мурунку сапарында Мирзииев Озбекстанда машине автобус камаз чыгарган заводторун корсоткон эле анда Атамбаев оозу ачылып калган эле.Мирзиеев Кыргызстанга келсе Атамбаев кайсыл заводторду корсотот экен болду.
+4
bekhaliev
2017-08-17 00:07:29
Жайло анан дагы Жайло
0
KG.Kushtarbek
2017-08-17 00:10:13
Чегараны чечевиз деп Олтурбогулода
+3
edik-kg
2017-08-17 00:24:56
Эх кудайым эн негизгиси жерди сатып жиберишпесинда ансыз деле далай жерлерди бердинер ош бишкек трассанын тугунон зым тартып салыштыго озбектер
+3
World_of_tanks
2017-08-17 01:14:55
Жон документке кол койбой калдыго даагы бир жерди сатып келди да эми Россия Казакстан калып Каримов олуп Озбекстан башталыптырда кудай берди эми буларга башка мамлекет башчылары элин топтоп жер кошсо биздикилер элин ар мамлекетке чачып жерин сатат эх ото аянычтуу элге боорун ооруйт темселеп ар бир жакта акча деп балам чакам уй булом деп журот а чондор болсо жер сатуу байлык уурдоо сатып алып сен коп жедин мен аз жедим болуп сотошконучу уялсанар боло аз болсо да Элдин каргышы уратко бир кун
+3
World_of_tanks
2017-08-17 01:20:45
Дуйнодо эн кичине мамлекеттердин бирибиз а бирок Коррупция бойунча 3 же тортунчу оорундабыз кандай гана аянычтуу бар бол элим Алтын башынар аман болсун кайсы жерде болсонор бала чака уй булонор менен тынч болунуздарда мен ошону гана каалай а чондордон жакшы кун кутпогуло андан коро Жараткандан Аллахтан сурагыла чондорго арзуу мун жеткиче Аллаха бат жетет :)
+4
evra_kg
2017-08-17 08:53:24
Жакындатпаш керек эле буларды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан