Өзбекстан менен мамилени жакшырткандан кийин чек араларды аныктоо ылдамдык менен чечилет. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта вице-премьер-министр Жеңиш Разаков журналисттерге билдирди.
"Кыргыз-өзбек тарап чек араны аныктоо маселесин талкуулады. Бул жумушчу топтордун адистеринин эмгегинин натыйжасы болду. Бүгүн өкмөттөр аралык отурумда чек ара боюнча 83-84 пайыз саясий чечим кабыл алынды. Эми техникалык маселе бар, бул бир топ убакытты талап кылат. Жумушчу топ ошол маселе менен алектенет. Эки тарап мамилени жакшыртып, соода-экономикалык, гуманитардык кызматташтыкты күчөтөбүз дегенден кийин чек ара маселеси ылдамдык менен чечилет", - деди ал.
Бүгүн Кыргыз өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун катышуусу менен эки өлкөнүн өкмөттөр аралык отуруму өттү.