Президенттикке талапкерлердин мыйзам бузуусу боюнча БШКга WhatsApp аркылуу кайрыла алышат

Президенттикке талапкерлердин мыйзам бузуусу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына WhatsApp аркылуу кайрыла алышат. Бул тууралуу 16-августта аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, даттануу арызын +996 770 660 240 WhatsApp номуру аркылуу жөнөтсө болот. БШК бардык суроолорго жана даттануу арыздарына ыкчам жооп бере тургандарын кабарлашты.

Эске салсак, 14-августта маалымат жыйында комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова үгүт иштерин эрте баштап алгандар боюнча 19 даттануу түшкөнүн айткан. Бирок даттануу арыздардын көпчүлүгү тастыктала элек экенин белгилеген. Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Азыркы тапта 49 талапкер калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
evra_kg
2017-08-17 09:19:40
Кулкумду келтирбесинчи белгилуу эле уже
+8
Rifle_I
2017-08-17 09:27:17
49 талапкер көп эмеспи ?
+4
BekAmir
2017-08-17 09:39:25
Шайлоого барсан барбасан бир адам шайланат. Уже шайланды
+6
Rifle_I
2017-08-17 10:38:41
BekAmir,ал ким ?
+1
bek.94
2017-08-17 10:18:38
СДПК бузуп атса айткандан эмне толк
-2
Rifle_I
2017-08-17 10:39:32
bek.94,оозу кыйшык болсо байдын баласы сүйлөсүн.
+1
Patriot7
2017-08-17 10:27:10
БШКга айла жок, Жээнбековду угут иштерин баштай элек деп тапкандан кийин..... Шайлдабекованы бир тоонун тубуно алып барып бул эмне десен, кол деп жооп берет, тоону козун корбойбу десен, Аташка ушундай айткан деп тура берет... так что БШКга саат сайын Жээнбеков тууралуу арыз жонотсон да, олуп кетишсе да чара корбойт.....
+8
shankol88
2017-08-17 12:37:35
Patriot7,Эңң туура айтасыз бул бийлик көз көрүнө жасап жатат жооп берер күн келет буйруса...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан