Woman.ru сайты 13 миң мырзадан "Аялдардын сексуалдуулугун бузган сапаттар кайсылар?" деген суроого жооп алган. Сурамжылоого катышкандардын 64 пайызы бул суроого - "жагымсыз жыт" деп жооп беришкен. Айымдардын мырзаларды өздөрүнөн алыстаткан дагы бир көрүнүшү - өзүнө кам көрбөгөндүк. "Жасанбаган аялдарга арбала албайм" деген жооп 54 пайызга ээ болгон.
"Ашыкча семиргендер, төшөктө жыгачтай болуп жата бергендер жана биздин ар бир кыймыл-аракетибизди жактырбай, сындай бергендер көп. Бул бизге такыр жакпайт", - дешкен сурамжылоого катышкандардын дээрлик көпчүлүгү. Мындан тышкары үнүн катуу чыгарып, кыйкырып сүйлөө да аялдардагы сексуалдуулукту жоготот. Мындай пикирди суралгандардын 28 пайызы айтышкан.
"Тамеки тартуу да аялдардагы сулуулукту жашырат", - деген жооп 26 пайызга ээ болсо, тамактануу учурунда "арыктагым келет", "бул тамактын калориясы тигинче, мунуку мынча" дей бергендер да эркектердин кыжырын келтире тургандыгы белгилүү болгон.
"Ретро" айымдар, башкача айтканда, эски сүйгөндөрүн эстеп, ал тууралуу айтып бере бергендер мырзалардын ачуусун гана келтирбестен, катуу капа кыларын белгилешкен.
"Чоёктоп, тилин чайнагандай болуп, жасалма сүйлөй берген бийкечтерден сексуалдуулукту көрө албайбыз", - деген жооптуу 3104 мырза айтып берген.