АКШнын экс-президенти Барак Обаманын Виргиния штатынын Шарлотсвилл шаарында орун алган баш аламандык тууралуу твити Твиттердин тарыхындагы эң популярдуу билдирүүгө айланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, экс-президент: "Эч ким башка бирөөнүн терисинин өңү, дини же ата-теги үчүн аны жек көрүп төрөлбөйт. Адамдар жек көрүүнү дагы билиши керек. Эгер алар жек көрүүнү үйрөнө алышса, аларды сүйүүгө дагы үйрөтүүгө болот. Сүйүү ага карама-каршы сезимге караганда адамдын жүрөгүнө жакыныраак". Нелсон Мандела", - деп оюн үч твитке бөлүп жазган.
Анын биринчи бөлүгү үч күндүн ичинде 2,8 миллион "жакты" белгисин чогултуп, 1,15 миллион колдонуучу аны бөлүшкөн.
Белгилей кетсек, 12-августта Шарлотсвилл шаарында ак терилүүлөрдүн үстөмдүгүн жактоочулар менен каршылаштарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир аял каза таап, жыйырмадай адам жаракат алган. Митинг 1861-1865-жылдардагы жарандык согуш учурунда конфедератор лидери болгон генерал Роберт Эдвард Линин эстелигин алып салуу боюнча жергиликтүү бийликтин чечиминен кийин уюштурулган.