Орусиялык ырчы Юлия Савичеванын наристелүү болгону айтылууда

Орус ырчысы Юлия Савичеванын балалуу болгондугун орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, ымыркай түгөйлөр эс алып жаткан Португалиядагы клиникалардын биринде жарык дүйнөгө келген. Бирок ырчы өзү эне болгондугу тууралуу билдире элек.

Белгилей кетсек, Юлия Савичева 3 жылдан бери музыкант Александр Аршинов менен бирге түтүн булатып келет. Акыркы убакта ырчы маалымат каражаттарына чыкпай, жаңы ырларды жаздырбай калгандыктан, күйөрмандары анын кош бойлуу экенин жашырып жатканын айтышкан.

Ал эми ырчынын продюсери Максим Фадеев ушул жылдын февраль айында Юлия Савичеванын боюнда жок экенин, үй-бүлөсү менен чет жерде эс алып жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан