14-августта Орусиянын ветеринардык-фитосанитардык көзөмөл кызматы Кыргыз өлкөсүнөн барган 20 тонна каймак майды жана 19 тонна мөмө-жемишти артка кайтарды. Бул туурасында аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жарыялады.
"14-августта Оренбург облусунун Ак-Булак районундагы "Сагарчин" көзөмөл өткөрүү бөлүмүнөн Кыргыз өлкөсүнөн барган азык-түлүктөр Орусиянын аймагына киргизилген эмес. Себеби 20 тонна каймак майы, 8,5 тонна жүзүм, 4 тонна шабдаалы, 3,6 тонна кара өрүк жана 3 тонна ширенин ветеринардык-фитосанитардык документтери туура эмес болгондуктан артка кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.
Жогорудагы маалымат боюнча Кыргыз өлкөсүнүн айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин башчысы Амангелди Исаев: "Бизге азырынча жүктөрү артка кайтарылган ишкерлер расмий түрдө кайрыла элек. Бул кабарды жалпыга маалымдоо каражаттарынан эле угуп жатабыз. Эгерде ишкердин толтурулган документтеринде биз тараптан мүчүлүштүк кетсе, убара тарткан чыгымдары төлөнүп берилет. Дыйкан фермерлерибиз бажы биримдигине кирдик деп эле товарларын мүшөктөп алып жөнөп калбай, биринчи кезекте лабораториядан текшерүүдөн өткөрүп анан жолго чыгышса зыянга учурашпайт болчу", - деди.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекте өткөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү катышкан жыйында техникалык регламент күчүнө кирсе талапка жооп бербеген товарлар ордунан жок кылынары айтылган болчу. Кыргыз өлкөсүнө карата техникалык регламенттердин эрежелери ушул жылдын 12-августунан баштап күчүнө кирген.