Бишкек шаарындагы асфальт төшөлгөн 700 чакырым жолдун 400 чакырымы гана талапка жооп берет

Бишкек шаарындагы 700 чакырым унаа жолдун 400 чакырымы гана жакшы абалда. Бул тууралуу Бишкек капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1400 чакырымдан ашуун унаа жолу бар. Анын 700 чакырымына асфальт төшөлгөн, бирок 400 чакырымынын абалы гана учурда талапка жооп берет.

"Кытай тараптан келген гранттын 1-бөлүгүнө жалпысынан 95 чакырым болгон талапка жооп бербей калган жолдор оңдолуп, асфальтталбаган жолдорго асфальт төшөлүүдө. Бул жолдор 2018-жылы толук бүткөрүлөт. Ошол эле гранттын 1-бөлүгүнүн алкагында Бишкек шаарынын ичине 7 көпүрө салынат", - деп билдиришти аталган ишканадан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан