СУПЕРСТАН: "Мен үчүн "Суперстан" форуму - бул белгисиз мейкиндиктеги "бактылуу" өлкө"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө активдүү колдонуучулардын бири тарабынан уюштурулган "Суперстан сулуусу-2017" сынагы өткөрүлүүдө. Бул сынакка форумдун сулуу айымдары "Суперстан сулуусу" наамы үчүн ат салышып, өз күчтөрүн сынашууда. Сынактын шартына жараша сулуулар сунушталган темада дилбаян жазуусу керек. Катышуучулардын бири "Суперстан" тууралуу ой-толгоо" темасында төмөндөгүдөй дилбаянын жарыялаган:

"Саргычтанган, ным жыттанган дарактардын жалбырактары күбүлүп, жер бетин жамына башташты. Кыш мезгили жакындап калгандыктан, суук тартып, күндүн жүзү булуттарга жашынып, созолонто сайраган чымчыктар алыс жактарга, планетабыздын ысык өлкөлөрүнө сапар алышкан. Ушундай күндөрдө биз, адам баласы да жан дүйнөбүз үшүгөнсүп, капа тартып, жаратылыш менен терең сырдашып калат эмеспизби. Орусиянын борбору болгон "көз жаштарга ишенбеген" шаар - Москвага келгениме толук тогуз айдын жүзү болуптур. "Жанымда ата-энем, бир туугандарым бар, мага мындан артык эмне керек?" - деп өзүмдү жоошутканым менен, мекенге болгон сүйүү, кусалыктын орду таптакыр башка болот тура. Кандайдыр бир күч ичимди уйгу-туйгу кылып, мекенге болгон сагынычтан улам өзүмдү коёрго жер таппай жүргөм.Ошондой күндөрдүн биринде, өзүм ар кандай жаңылыктарды окуп жүргөн SUPER.KG сайтына катталып калдым. Мурда жөн эле ар кандай жаңылыктарды окуп жүргөнүм менен, эми "Суперстан" форумуна кирип, жердештерим менен сүйлөшүп, монологго өз бугумду чыгарып, жүрөк сырында ар бир форумчунун кайгы-муңун тең бөлүшүп, күнүнө жыйырма-отуздай форумчунун туулган күнүн белгилеп, оюн-күлкүдөгү "чоң атабыз" менен, он чактыбызды "жөжөлөрүм" деп бизди канаттууга кактырбаган Лика эжебиз менен, жашоодогу кайгы-капабызды бир азга болсо да унутуп, өзүмдү бир белгисиз мейкиндиктеги белгилүү өлкөдө бактылуу сезип жашачумун. Москванын жашоосу көпчүлүккө маалым эмеспи. Кудайдын куттуу күнү он-он эки сааттан жумуш, үй толо квартирант. Ошондой болсо да күн сайын "Суперстанга" убакыт таап, чай ичип жатсам чайымды коё калып, түнкүсүн түн уйкумду кечип, өзүмдү "Суперстанга" арнап салдым. Себеби мен бактылуу болчумун. Дүйнөнүн төрт бурчунан кирген форумчулардан татыктуу ага-ини, эже-сиңди, дос-курдаш таап, ал тургай "кумир" тутуп алган форумчулар да болгон. "Суперстан" өлкөсүнүн он бир облусу бар, ар бир облустун аким-губернаторлору, райондору бар эмеспи. А биз, алгач "конок" болуп, кийин "жарандыгын" алып, "активист" , "супер-активист" болгонубузга сүйүнчүбүз. Ошол күндөрү биздей эле форумчулар, бирок акылынын тунуктугу, активдүүлүгү менен Rinatik, Clara эже жана башкалар аким болуп шайланышкан. Биз да аларды көрүп сыймыктанып, үлгү алып, суперге болгон кызыгуубуз артып, дем-күч алчубуз. Raia эже, mother эжелердин кеп-кеңештерин кулагыбызга түйүп, Aijan эженин универсалдуулугуна аябай суктанчубуз. Биз форумда жөн эле убакыт коротпой, "Адабият жана поэзия" бөлүмүндө көптөгөн чыгармаларды окуп, "Жүрөк сырынан" турмуш, жашоо боюнча тарбия алып, көзгө да жаш алчубуз, илим бөлүмүндө азыркы учурдун технологияларын, дин бөлүмүндө бизге эң керектүү болгон таалимдерди алып, ашкана сырларын үйрөнүп, спорттук мелдештерди чогуу өткөрүп, ар өлкөдөн ысык салам жолдошуп, жылдыздар менен байланышып, кыргыздын улуттук салттарын терең үйрөнүп, дарылоо жолдорун, косметология боюнча билим алмашып, деги эле койчу жок нерсенин өзү жок да бул форумда. Өзүбүз бара албасак да, жолугушуп аш уюштурушкан форумчулар, футболдук курама команда менен сүрөттөр аркылуу таанышканбыз. Убакыт учкан куш сымал, ошол бактылуу күндөрдүн өткөнүнө быйыл төрт жылга жакындап калыптыр. Мен үчүн форум - бул белгисиз мейкиндиктеги "бактылуу" өлкө. Бул өлкөдө ар бирибиз бактылуу боло алабыз. Канчалаган форумчулар менен мамилебиз эч муздабай, келечекте да жакын санаалаш, дос-курдаш болуп өтүүгө ишенем. Бул форум мага жакшы гана эмоцияларды тартуулайт. "Супер" форумдун мындан ары да өсүп-өнүгүүсүнө, келечектеги жаркын жашоосуна тилектешмин".

Сынактын катышуучулары менен таанышуу үчүн бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Snejana
2017-08-17 18:20:55
Сонун жазыптыр. Супер инфонун ар бир чыккан санын кутуп, калтырбай окуучумун, кийин 2014-2015-жылдардан баштап, сайттан жон эле кунумдук жанылыктарды окуп, каттала албай, кундо аракет кылчуумун, корсо электрондук адрести ката жазчуу экенмин. Мен жаны эле катталгамын, бирок суперстанга кирбейм эмнегедир. Супер инфо чындыгынды мыкты, анан дагы ишеничтуу. Мен башка сайттарга кирбей калдым, суперге энеме ишенгендей эле ишенип алдым, конуп алгамын десем дагы болот. Бар болгула!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан