"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда соттук иши каралып жаткан Райкан Төлөгөновду бейтапканага которууга №1-СИЗОнун жетекчилиги уруксат бербей жатат". Мындай маалыматты бүгүн, 17-августта SUPER.KG порталына Райкан Төлөгөновдун жубайы Чолпон Кошоева билдирди.
"Жолдошум 2003-жылы инсульт оорусуна кабылган. Андан бери дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп дарыланып жүргөн. Ал апрель айында операцияга даярданып жаткан. Март айында камап коюшту. Ошондон бери кан басымы көтөрүлүп, башы айланып, кускусу келип абалы оор болууда. Аны зордоп сотко алып келип жатат. Биз буга чейин №1-СИЗОнун башчысына Төлөгөновду бейтапканага дарыланууга чыгаруу боюнча арыз, өтүнүч, кайрылуу каттарды жаздык. Алар өздөрүнүн гана дарыгери менен карайбыз деп жатат. Жолдошум тез арада дарыланбаса кан тамырлары жарылып, экинчи инсульт алабы деп коркуп жатабыз", - деп билдирди Кошоева.
Эске салсак, буга чейин Төлөгөновдун ден соолугуна байланыштуу бир нече жолу соттук отурум жылдырылган. Буга чейин анын жактоочусу Төлөгөнов эстен танып жыгылганын айткан.