Ташкент шаарынын Оксарой резиденциясынын алдына Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун эстелиги орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда резиденциянын аймагындагы эстеликтин айланасын жакшыртуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле резиденцияда Ислам Каримов атындагы кайрымдуулук фонду менен илимий-агартуучу мемориалдык комплекс иштеп баштайт. Азырынча эстелик расмий ачыла элек.
Эскерте кетсек, былтыр жыл аягында Каримовго эстелик жасоо боюнча эл аралык сынак өткөрүү боюнча азыркы Өзбекстандын мамлекет башчысы токтом кабыл алган. Ислам Каримов 2016-жылы 2-сентябрда көз жумган.