Өзгөн районунун тургуну 21 жаштагы Мээримгүл Батырбек кызы 24-июнда каза болгон. Маркумдун жакындары "өзүн өзү асып алды дегенге ишенбейбиз. Денесиндеги көк аласы, жаагынын сынганы көрүнүп турса да соттук-медициналык экспертиза туура эмес жыйынтык чыгарды", - деп билдиришкен эле.
"Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары маркумдун жолдошу К.Ноорузбек кармалган. Ал тергөө абагына эки күнгө киргизилип, кийин үй камагына чыгарылганы маалым болгон.
Шектүү үйлөнгөндөн кийин келинчеги экөөнүн ортосунда уруш-талаш болбогонун айтат.
"Келинчегим окуя болгондон эки күн мурун жыгылганда буту кичине көгөрүп шишип калган экен. Катуу ооруган жок, олуттуу эмес дегенде ооруканага алып барган эмесмин. 24-июнда келинчегимди эртең менен таппай калып издедим. Сарайга отун алганы кирбептирби деген ойдо карасам өзүн өзү асылган бойдон турган экен. Нес болуп куткарышты ойлодум. Унаага салып дароо Өзгөндөгү ооруканага алып бардым. Бирок дарыгер көрүп эле каза болгонун айтты. Биздин үйлөнгөнүбүзгө 49 күн эле болгон. Бул арада уруш, жаңжал болгон эмес. Кайын журтум мени урду-тепти деп жатат. Бул жалган", - деди ал.