Индияда 10 жаштагы кыз көз жарды. Ал төрөп жатканын билген эмес, болгону ага операция жасала турганы айтылган

Индияда 10 жаштагы зордукталган кыз төрөдү. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кичинекей кыз төрөп жатканын билген эмес. Ага ата-энеси ичине операция жасала турганын айткан. Ымыркай өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Чандигарх шаарындагы ооруканада кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келген. Учурда анын абалы туруктуу. Кыздын атасы бейтапкананын кызматкерлеринен жаңы төрөлгөн ымыркайды багып алууга жардам берүүсүн суранган.

"Кыз бир нече ай бою тууганы тарабынан зордукталганы болжолдонууда. Бир ай мурда ата-энеси кызынын ичи ооруганынан улам ооруканага алып барышкан. Ошондо анын кош бойлуу болгонуна 30 жума болгону аныкталган.

Июлда Индиянын Жогорку Cоту кыздын аборт жасатуусуна уруксат беришкен эмес. Аталган өлкөдө кош бойлуулук 20 жумадан ашканда, эгер эненин ден соолугуна зыянын тийгизбесе боюнан алдырууга тыюу салынган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Tyty1990
2017-08-17 18:33:33
Кудай сактай көр.
+9
zhykyo
2017-08-17 18:46:48
Заман бузулду
0
Riokyrgyz
2017-08-17 21:55:51
zhykyo,заман эмес адам бузулду.
+8
mikoo
2017-08-17 18:50:01
Я в шоке
0
33SUUN
2017-08-17 19:05:04
mikoo,мендагы.
0
kg_emilbekov
2017-08-17 19:05:27
тоба кылдым 10 жаш а 10 жаш ойноп кулотурган маалыго 10 жаш
+7
Tansuluu09
2017-08-17 19:11:13
Тообо Ата - энеси ушунчалык конул Кош болушабы (((
+16
Jazdyn_tany
2017-08-17 20:49:28
10 жаш...(((
2007-жылы кечээ эле төрөлгөн кыз...
+6
aliya-leyla
2017-08-17 20:57:16
Он жашар кызда матка орчугон бекен э. Тооба
+10
aika2015
2017-08-17 21:15:48
ал жакта кыздар эрте жетилет окшойт
+1
Kaninaiman
2017-08-17 21:30:40
Жумурткалык,женские гормоны менструация деген эмне ал убакта10 жаш , ШОК болдум
+8
expert.007
2017-08-17 22:09:45
Кезектеги индиянын тан калдыруусу мени тан калтырган жок
+2
beklan.kz12
2017-08-17 23:13:01
30 жума болгуча кандай сезбеди экен ата энеси тан калыштуу кудай сактасын ушундайлардан
+4
Kaninaiman
2017-08-18 02:00:25
beklan.kz12,этек кири келбесе кантет анан ...билбейтта
0
Ayida
2017-08-17 23:37:13
Арабтарда Индияда ж.б кыздары эрте жетилет.Илгерки 14 кылым мурдагы 9 10 жаштагы кыздары биздин 2000 жылдагы 11 класстын кыздарындай корунушчуу.
0
dasta
2017-08-18 07:46:23
Памирде деле ерте тороп жатышбайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан