Мындан 114 жыл мурун, 1903-жылы 17-августта АКШда адабият жана журналистика жаатындагы эң престиждүү болгон Пулитцер сыйлыгын негиздөө керээзи айтылган. Батыштын белгилүү журналисти Жозеф Пулитцер өзүнүн наамындагы сыйлыкты түзүү керээзин калтыргандан кийин 1911-жылы көз жумган.
Жозеф Пулитцер Венгриянын Мако шаарында бай үй-бүлөдө төрөлгөндүктөн Будапешттеги жеке менчик мектептен билим алган. Келечектеги белгилүү журналист мекен сакчысы болууну кыялданганы менен, Австрияда аны ден соолугу жакшы эмес деген жүйө менен аскерге кабыл албай коюшкан. Андан кийин Пулитцер Американын аскерине барып кабыл алынган. Америкада ал атуулдук согушка катышып, англис тилин үйрөнө баштаган.
Согуш аяктагандан кийин тил үйрөнүүсүн улантып, немис тилиндеги гезитке журналист болуп иштеп калган. 1878-жылы Жозеф «St. Louis Post-Dispatch» гезитин, 1883-жылы «The New York World» гезитин сатып алган. Көп өтпөй ал АКШнын өкүлдөр Палатасына шайланган. Ал өмүрүндө адам баласы каалаган бардык нерсеге жетише алган. "Анда атак-даңк, байлык, бакыт бар болгон", - деп жазышат чет элдик маалымат булактары журналист тууралуу.
Пулитцер өзү каза болгону менен жасаган иштеринин даңкы уланып келе жатат. Анын керээзи менен ал атайын калтырган 2 миллион доллар каражат Колумбия университетине которулган. Бул каражатка журналистиканын жогорку мектеби түзүлүп, калган акчага журналисттер үчүн анын атындагы сыйлык түзүлгөн.1917-жылдан бери Колумбия университетинин өкүлдөрү Жозеф Пулитцер атындагы сыйлыкты 10 миң доллар өлчөмүндөгү акча менен тандалган журналист, адабиятчыларга тапшырып келет.
17-августтун жылнаамасы.