Европа өлкөлөрүнүн айрым жарандары туристтердин өтө көп баруусуна нааразы болушууда

Европа өлкөлөрүнүн айрым жарандары туристтердин өтө агылуусуна нааразы болуп жатышат. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, бүгүн, 17-августта Испаниянын түндүгүндөгү Бастар өлкөсүндөгү Сан-Себастьян шаарынын тургундары туристтердин ашыкча агымы тууралуу жергиликтүү бийликке кайрылуу жасашкан. Алар жер кезүүчүлөрдүн көптүгүнөн элге ыңгайсыздык жаралып жаткандыгын билдиришип, туристтердин өтө көп келүүсү аймактык экономикадагы тең салмактуулукту, аймактын көрүнүшүн бузуп жатканын айтышкан. Маалыматтарга ылайык, өткөн жылы Сан-Себастьян шаарына 75 миллиондон ашуун адам келген. Быйылкы жылы 80 миллиондон ашуун адам келери болжолдонуп жатканы айтылат.

Ал эми Барселонадагы батир ээлери туристтерге үйүн ижарага 12 күн берсе, жергиликтүү тургун 1 ай үчүн төлөй турган ижаранын акчасын таап алышары жазылат маалыматтарда. Мындан улам тургундар үчүн үйдү ижарага алуу оор болуп жатканы белгиленет. Ошондой эле жашоочулар туристтердин жергиликтүү салттарды жана баалуулуктарды сыйлабаганы, алкоголдук ичимдиктерди көп ичкени ирээнжитип жатканын айтышкан.

Туристтерге каршы көптөгөн аракеттер көрүлүүдө. Буга чейин активисттер туристтер келе жаткан автобусту токтотуп, дөңгөлөктөрүн жарып, сырдап кетишкен.

Ушул жылдын жай айларында Италия, Франция жана Хорватиянын жарандары да жер кезүүчүлөрдүн көптүгүнө нааразычылык билдиришип, айрымдары бийлик өкүлдөрүнө нааразычылык каттарын жолдошкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
baisogur
2017-08-17 19:46:23
Бизге келип Ысык-Колдо дем алып акчанарды таштап кеткиле ,кучак жайып тосуп алабыз.
+10
suban78
2017-08-17 19:48:33
Бизге жоноткулочу ошо туристтерди, кырк миллиону деле жетет эле
+12
nurbekasr
2017-08-17 21:24:42
Бизге көлгө ОАЭ келген меймандар көлгө түшбөй жатышыптыр балит булганыч кир ХХХХ деп.Пляждарда менимче туалеттер жок экен ошого карап айтышыптыр,силер көлдүн ичинде иш чиш кылат экенсиңер деп.
+6
Snejana
2017-08-17 23:12:37
nurbekasr,ха хааааааа
-1
Snejana
2017-08-17 23:20:26
nurbekasr, иш чиш кылбай этпей эле таптаза. биз жак туристтерге абдан ынгайлуу, бизге дагы жакшы дегендей, анча-мынча иштеп, акча таап алабыз.

-4
Nazar76
2017-08-17 21:27:35
Бизде наоборот туристтерди келтире албайтко
+2
Patriot7
2017-08-17 23:29:39
Келбей эле койсун ошол туристтер!!! Туристтер келсе казына байыбайт, байлар байыйт, байлар байыган менен силерге пайдасы тийбейт... Туристтерин бир эли май шыбап алып колго тушуп колду булгап бутушту. Акчаларына кооп аркар, кулжа, илбирске анчылыкка чыгып журушот. Табият булганса силер тазалайсынарбы?!! Биртке илбирс тукум курут болсо, кайдан ордун толуктайсын?!! Кереги жок бир да туристтин!!! Мен президент болгонумда колго эс алууга моратарий киргизмекмин, турист эле эмес, баарына!!
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан