Бүгүн, 17-августта Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкер болуу үчүн талап кылынган мамлекеттик тил боюнча сынактан өттү. Бул тууралуу SUPER.KG`ге "Ата Мекен" партиясынын юристи Канатбек Азиз билдирди.
Анын айтуусуна караганда, Текебаев бүгүн түштөн кийин саат 14:00дөн 16:00гө чейин мамлекеттик тил сынагын тапшырган.
"Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Искен Афиджанов бүгүн аны көрүү үчүн УКМКнын тергөө абагына барган. Ага Текебаевдин эс алып жаткандыгын айтып, киргизбей коюшкан. Кийин Өмүрбек Текебаев менен жолукканда ал тил сынагын тапшыргандыгын билген", - дейт Канатбек Азиз.
Ал эми Улуттук тил комиссиясынын басма сөз кызматы Өмүрбек Текебаев мамлекеттик тил сынагын тапшырып 93,75 балл алгандыгын билдирди.
Тил сынагынан өткөндөрдүн тизмеси:
- Адахан Мадумаров (96,7 балл);
- Турсунбек Акун (94,75 балл);
- Сооронбай Жээнбеков (94,6 балл);
- Өмүрбек Текебаев (93,75 балл);
- Өмүрбек Бабанов (93,5 балл);
- Улукбек Кочкоров (91,9 балл);
- Бакыт Дегенбаев (89,5 балл);
- Турсунбай Бакир уулу (88,6 балл);
- Өмүрбек Бөлтүрүков (87,21 балл);
- Азимбек Бекназаров (86,4 балл);
- Марат Иманкулов (86,15 балл);
- Рита Карасартова (86 балл);
- Ахматбек Келдибеков (85,9 балл);
- Турат Акимов (85,13 балл);
- Мукар Чолпонбаев (84 балл);
- Камчыбек Ташиев (83,25 балл);
- Темирбек Асанбеков (82,53 балл);
- Исхак Масалиев (82,25 балл);
- Канатбек Исаев (82,15 балл);
- Темир Сариев (81,8 балл);
- Максатбек Жумабеков (81,6 балл);
- Камила Шаршекеева (80,9 балл);
- Кубан Чороев (80,3 балл);
- Таалатбек Масадыков (79,8 балл);
- Токтобүбү Таласбаева (79,77 балл);
- Замира Муратбекова (79,5 балл);
- Казыбек Шайымбетов (79,37 балл);
- Алмаз Каримов (77,6 балл);
- Акылбек Мансуров (77,34 балл);
- Токтайым Үмөталиева (76,7 балл);
- Назарбек Нышанов (74,15 балл);
- Сагынбек Абдрахманов (74 балл);
- Дамира Токтосунова (73,65 балл);
- Талгатбек Кожогулов (72,18 балл);
- Бакыт Төрөбаев (71,8 балл);
- Санжарбек Энназаров (70,25 балл);
- Арсланбек Малиев (64,27 балл);
- Марат Мергенов (61,12 балл);
- Темиркул Өмүралиев (61 балл);
- Сайнидин Султанидинов (60,53 балл);
- Арстанбек Абдылдаев (60,2 балл);
- Эрнис Зарлыков (60,16 балл).