"Балдардын укугун коргоочулардын лигасы" коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова "Менин баламды мектепке кабыл алыңыз" деген аталыштагы акциянын алкагында мектепке балдарын бере албай жаткан ата-энелерден чалуулар көп болуп жаткандыгын SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, башка аймакта катталып, бирок башка даректе жашап жаткан үй-бүлөлөрдүн балдарын мектеп жетекчилери кабыл албай жаткан учурлар арбын.
"Мектеп директору ошол даректе катталгандыгынын далили катары үй-бүлө жашаган үйдүн китепчесин алып келүүнү айтып, талапты аткарбаса баласы окууга кабыл алынбай тургандыгын айтышкандыгы тууралуу билдирүүлөр көп", - дейт Турдубекова.
Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева үй-бүлө катталбаган даректе жашап жаткан учурда айыл өкмөттөн, шаарда жашаса кварталдык комитеттен аныктама алып келсе боло тургандыгын билдирди.
"1-августтан бери бардык аймактардагы 1-класска кабыл алына турган балдарды каттоо башталды. Баланы мектепке берүү үчүн анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ата-эненин паспортторунун копиясы, ата-эненин арызы, балага медициналык аныктама, өздүк дело керек. Эгер баланын күбөлүгү жок болсо ата-эне соцпедагогдорго кайрылат, алар аркылуу баланын документи алынып мектепке берилет", - деди Абдылдаева.
Жетектөөчү адис балдарын мектепке берип жаткан ата-энелерден мектеп жетекчилеринин акча талап кылуусун жоюу боюнча кызуу иш-аракеттер көрүлүп жатканын да кошумчалады.
"Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ар бир бала акысыз билим алууга укуктуу. Буга байланыштуу ата-энелер эч кандай акча төлөбөстөн өздөрүнө ыңгайлуу даректе жайгашкан мектепке балдарын окууга кабыл алдыруу маселесин жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатат. Кайсы бир туура эмес талаптар менен мектепке кабыл алына турган жаштагы бала мектепке кабыл алынбай калса айыл өкмөтү, кварталдык комитет жана мектеп жетекчилери милдеттүү түрдө жооп берет", - дейт Абдылдаева.