Канадада 13 жыл мурун жоголгон нике шакек казылып алынган сабизден табылды

Канаданын Альберта провинциясынын 84 жаштагы тургуну Мэри Грэмдин 13 жыл мурун жоголгон нике шакеги короосунан казылып алынган сабизден табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Мэри Грэм шакегин 2004-жылы фермадагы чөптөрдү отоп жатып жоготуп алган. Бирок бул тууралуу ал уулунан башка эч кимге айткан эмес. Анын ордуна окшош, бирок арзан шакек сатып алып колуна тагып жүргөн. 14-август күнү Грэмдин келини кечки тамакка даярданып жатып, жаӊы казылып алынган сабиз менен кошо шакекти таап алган. Шакеги табылганына сүйүнгөн аял 5 жыл мурун каза болгон жолдошунан чындыкты жашырып жашаганына өкүнгөнү айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Talantbargy
2017-08-18 13:53:20
Укмуш го.
0
zhykyo
2017-08-18 14:07:57
Сабизди эмне кылат болдукен эми
-2
Rifle_I
2017-08-18 22:59:36
zhykyo,жейт
+2
Janusia
2017-08-18 14:14:00
Сабизге суйунчу берет)))
+7
zhykyo
2017-08-18 15:28:18
Janusia,Сабизге суйунчу бермек беле.Сабизди Коёнго берет
-3
ayjan_90
2017-08-18 14:20:12
Ой тан каларлык го сабизди ортосунан болуп турганын
+5
azatbek19995
2017-08-18 14:48:41
:)
0
admin_superstan
2017-08-18 15:33:48
bond02, коомдук этиканы сактаңыз. Эскертүү!
0
Kg.arts.
2017-08-18 16:14:53
Индия болгондо сабизге уулонот беле?
+9
sakuna
2017-08-18 16:56:13
13жыл журуп, сабиз мн чыкканын корсон муну
+1
Beks0207
2017-08-18 17:03:56
Бир тууган акемда 10жылдан кийин таап алган уйдун алдынан суу аккан арыкты тазалап жатып алтын таптаза бойдон жатыптыр агып да кетпептир
+7
mikoo
2017-08-18 19:10:30
соонун го
+1
nurhan2702
2017-08-18 22:47:58
Дагы жакшы шакек ээси дуйнодон кайта элегинде табылып калыптыр.Болбосо тушунбой тан калышмак
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан