ЖЫЛНААМА, 18-АВГУСТ: 12 жашында эмгек жолун баштаган "Что? Где? Когда?" берүүсүнүн алып баруучусу Борис Крюк 51 жашка толду

Орусиянын "Что? Где? Когда?" интеллектуалдык телеоюнундагы алып баруучунун коңур үнүн байкаган чыгарсыз. Дал ушул берүүнү ата-энесинен кийин үзгүлтүккө учуратпай, алар түзүп кеткен эрежелерин түп тамырынан бери өзгөртпөй сактап келе жаткан алып баруучу, сценарист, режиссёр Борис Крюк.

Окуучу кезинен тартып эле телеберүү тармагына аралашып баштаган Борис Крюк бүгүн, 18-августта 51 жашка толду. Ал 1966-жылы Москва шаарында төрөлгөн. Атасы Александр Крюк инженер-конструктор, апасы Наталия Стеценко "Что? Где? Когда?" телеоюнунун авторлорунун бири жана редактору. Келечектеги телеалпаруучунун ата-энеси классташтар, үйлөнгөнгө чейин көп жыл кыз-жигит мамилесинде жүргөнү менен баш кошуп балалуу болгондон 4 жылдан кийин ажырашып кетишкен. Бирок көп өтпөй апасы Наталия өзүнүн кесиптеши, "Что? Где? Когда?" телеоюнунун алып баруучусу Владимир Ворошиловго турмушка чыгып, ал Бористи тарбиялоого чоң салымын кошкон.

Крюк мектепте гуманитардык предметтерден мыкты окуган, музыкага кызыгып, гитарада ойногонду үйрөнгөн. Ал атасынын жолун жолдоп мектепти аяктагандан кийин инженер-конструктор багыты боюнча билим алуу үчүн жогорку окуу жайга тапшырган. Бирок кесиби менен таптакыр иштеген эмес. Себеби анын эмгек жолу окуучулук күндөрдө эле башталган.

Борис Крюк - "Что? Где? Когда?" оюнунун алпаруучусу гана эмес "Брэйн Ринг" шоу көрсөтүүсүнүн автору, "Бир көрүп сүйүп калуу" телеберүүсүнүн алып баруучусу, "Игра-ТВ" телекомпаниясынын башкы директорунун орун басары, "Что? Где? Когда?" эл аралык ассоциациясынын вице-президенти.

ЭМГЕК ЖОЛУ

Борис Крюк окуучу кезинен тартып өгөй атасы, апасы менен телестудияга барып алардын кызыктуу жумушуна аралаша баштаган. 12 жашында ал "Что? Где? Когда?" оюнуна жаңы эреже киргизген. "Оюнда утулган оюнчулар клубдан биротоло кетет" деген эрежени атасына сунуштап, бул эреже кабыл алынган. Андан көп өтпөй режиссёрдун ассистенти, жогорку класста билим алып жаткан учурда жана студенттик күндөрүндө музыкалык редактор катары эмгектенген.

1990-жылы ал аталган долбоордун режиссёру кызматын аркалаган. Ага катар эле "Брэйн Ринг" берүүсүнүн идеясын жана долбоорун түзүп чыккан. 1991-жылы телекөрүүчүлөрдүн алдына "Бир көрүп сүйүп калуу" шоу берүүсүнүн алып баруучусу болуп чыккан. Аталган берүүнү Алла Волкова экөө биргеликте 8 жыл чогуу алып барышкан.

2001-жылы өгөй атасы Владимир Ворошилов көз жумгандан кийин Крюк "Что? Где? Когда?" долбоорундагы анын ордун ээлеген. Алгачкы жылдары Ворошиловдун ордунда ким алып баруучулук кылып жатканы көрүүчүлөргө гана эмес, оюндун катышуучуларына да сыр болчу. Интеллектуалдык оюн үчүн Борис Крюктун үнү атайын компьютердик программанын жардамы менен өзгөртүлүп берилчү.

Ал берүүнүн расмий алпаруучусу катары 2007-жылы ачыкка чыккан. Крюк апасы Стеценко менен өгөй атасы Ворошилов оюнга киргизген эрежелерди сактап калууга ар дайым аракеттенет. Ошол эле учурдун талаптарын эске алуу менен иш алып барат. Мисалы, мурда суроолор электрондук почта аркылуу гана кабыл алынган болсо, азыр көрүүчүлөр тарабынан берилчү суроолор интернеттеги социалдык тармактардан, телефонго SMS аркылуу да кабыл алынат.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ

Борис Крюк 1990-жылы 24 жашында Инна аттуу кызга үйлөнгөн. Кесиби боюнча микробиолог Инна экөө Михаил жана Александра аттуу 2 наристелүү болушкан. Алар Улуу Британиядагы престиждүү окуу жайды аякташып, уулу экономист болсо кызы искусство таануучу. Инна менен Борис 10 жыл чогуу жашап, ажырашып кеткен. Бирок балдары менен тыгыз мамилени сактап калган.

Крюк кийин Анна Антонюк аттуу аялга үйлөнгөн. Экономист кесибин аркалаган Анна алып баруучуга турмушка чыккандан кийин карьерасын токтотуп, үй кожойкелигин тандаган. Александра жана Варвара аттуу эки кыздуу болушкан. Борис Крюк 2 аялы төрөгөн кыздардын экөөнө тең Александра деген ысым берген. Ага себеп - анын чоң энесинин жана андан да чоң энесинин аты Александра болгон. Крюк азыркы үй-бүлөсү менен мурунку аялынын балдарын жакшы катыштырат жана эс алууларга бардык балдарын чогуу алып барууну адат кылгандыгы жазылат маалымат булактарында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bountessa
2017-08-18 23:26:15
Эки кызынын аттары бирдей болгону кызык экен. ФИО су опокшош болду да ошондо.Крюк Александра Борисовна.
0
Nadirov
2017-08-19 01:59:32
Еврей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан