Бүгүн, 18-августта эртең менен Бишкектеги Манас-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде катталган кырсыктан жабыркаган адам бейтапканага баруудан баш тартты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
"Жол кырсыгына кабылгандардын экөө алган жаракаттарынан улам каза болуп, бир адам жабыркады. Жабыркаган адам "Тез жардам" кызматы келген учурда абалы туруктуу экенин айтып, дарыгердин жардамынан баш тарткан. Ошондой эле ал мас абалында болгон", - дейт басма сөз кызматы.
"Тез жардам" кызматы аталган окуядан каза болгондордун аты-жөнү тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.
Ал эми Патрулдук милициянын басма сөз кызматы: "Жол кырсыгына себепкер болгон айдоочу милиция кызматкери. Ал учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдирди.