Бүгүн, 18-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага каршы козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өткөрүлдү.
Отурумдун жүрүшүндө Аида Салянова жана анын жактоочусу Чынара Жакупбекова сотко УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди, УКМКнын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Токтокан Мусакановду жана башкы прокурор Индира Жолдубаеваны күбө катары чакыруу сунушун келтиришти.
"Сегизбаев иштин жүрүшүнө тергөөчүгө көрсөтмө берип ишке кийлигишкен. Мыйзам боюнча анын ишке кийлигишүүсүнө жана көрсөтмө берүүсүнө тыюу салынган", - деп билдирди Жакупбекова.
Сот Салянованын жана анын жактоочуларынын келтирилген өтүнүчүн канааттандырган жок. Кийинки соттун отуруму 21-августка жылдырылды.