Кытайда интернет аркылуу соода жүргүзүүдөгү жана автордук укук бузуулар боюнча маселелерди караган дүйнөдөгү алгачкы онлайн-сот ишке киришти. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, интернет-сот Ханчжоу шаарындагы Чжэцзян провинциясында бүгүн ишке кирди. Буга чейин шаардык муниципалитет жаңы соттун төрагасын жана башка кызматкерлерин даярдаган. Ханчжоу Кытайдагы эң ири интернет-дүкөндөр жайгашкан шаар болуп эсептелине тургандыгын маалымат булактары белгилеген.
"Жаңы онлайн-сотто бардык соттук жараяндар (арыздан баштап кылмыш ишинин козголгонуна чейин) сайт аркылуу ишке ашат. Ошондой эле соттун өкүмү видеотрансляция аркылуу түз эфирде окулат. Статистикага караганда, Кытайда 751 миллион интернет колдонуучу бар. Анын 724 миллиону интернетке кирүү үчүн мобилдик телефондорун колдонушат", - деп жазылат маалыматта.