1850-жылы 18-августта атактуу француз жазуучусу Оноре де Бальзак каза болгон. Ал Франциянын Тура шаарында 1799-жылы чарбагердин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы революция жылдарында жер алып сатуу менен байыган. Кийинчерээк шаар мэринин жардамчысы болгон.
Жазуучунун ата-энеси баласы юрист кесибине ээ болуу үчүн аны укук коргоого басым жасаган окуу жайга беришкен. Ал жайда тартип катуу болгондуктан ата-энелер менен жолугушууга жыл бою уруксат берилген эмес.
Оноре окууга кызыкпай, ошол эле учурда өзүн адабият, чыгармачылык чөйрөдө сынап көрүүнү чечкен. Мектеп жашында эле ыр, пьеса жазууга кызыккан келечектеги жазуучунун бала кезинде жазгандары сакталбай калган. Бирок бир кезде анын жазган жат жазуусун мугалими жараксыз деп таап, окуучулардын көзүнчө өрттөп жибергени айтылат. Ошол жылдан тарта ал чыгармачылыкка киришүүгө белсенген.
Анын "Нике келишими", "Кош бол", "Гобсек", "Вандетта" аттуу повесттери жарык көрүп, окурмандардын алкоосуна татыган.