Президенттин кеңешчилигинен кеткен Калыкбек Султанов кайда которулганы белгилүү болду

Президенттин мурдагы кеңешчиси Калыкбек Султанов КСДПнын атынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун Бишкектеги штабынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Маалым болгондой, мындан тышкары ал С.Жээнбековдун республикалык штабынын башчысы Фарид Ниязовдун орун басары болду.

Айта кетсек, Калыкбек Султанов президенттин кеңешчиси болуп 2016-жылдын 18-майында дайындалган. Буга чейин ал Транспорт жана коммуникация министрлигинин башчылыгына Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын квотасы менен 2011-жылдын декабрь айында келип, 2015-жылдын апрелине чейин иштеген. Министрлик кызматтан кетүүгө 2015-жылдын 21-апрелинде арыз жазып, анын арызын президент ошол күнү канааттандырган.

Кечээ, 17-августта ал арыз жазып президенттин кеңешчиси кызматынан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан