Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында 23-26-август күндөрү Эр Жанек баатырдын 200 жылдыгына карата манасчылар 3 күн, 3 түн тынбай "Манас" айтышат. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта "Саякбай манасчы" эл аралык коомдук фондунун басма сөз катчысы Азамат Нусупов SUPER.KG порталына билдирди.
"Баатырды эскерүүгө арналган иш-чарага республиканын бардык аймактарынан келген манасчылар катышат. Ошондой эле 26-август күнү Тосор айылында Эр Жанек баатырга арналган эстеликтин ачылышы болот", - деди ал.
Белгилей кетсек, Эр Жанек баатыр 1816-1892-жылдары жашап өткөн, бугу уруусунан чыккан баатыр. Ал Ысык-Көлдүн тескейин тескеп, элди душмандардан коргогон. Санжырачылардын айтымында, Эр Жанек баатыр кокондуктарды Коңур-Өлөң, Барскоон, Каракол чебинен кубалап чыккан.