"Тамашоунун" "Универсал" командасынын оюнчусу Актилек Бекташев бүгүн, 18-августта 24 жашка чыкты. Аны куттуктап чалсак, ыраазычылыгын билдирип, өздүк майрамын эртең белгилей турганын айтты.
"Туулган күнүмө карата куттуктоолор саат 00:00дө башталган. Эң биринчи ата-энем куттуктады. Андан кийин досторум, ырчы агам Данияр Эрматов куттуктады. Бүгүн кечинде тойлордун биринде эл кызматында болом. Андыктан өздүк майрамымды эртең белгилей турган болдум", - деди ал.
Белгилей кетсек, Актилек Бекташев 1993-жылы 18-августта Ош шаарында төрөлгөн. Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн Фабрика айылында чоңоюп, ошол жердеги орто мектепте билим алган. Аны аяктаган соң Ош технологиялык университетинин автоунаа факультетинде окуган.
Ал ойногон "Универсал" командасы "Тамашоу" лигасынын 8-сезонунун чемпиону, SUPER.KG порталынын кубогунун, 2016-2017-жылдардагы "Ак калпак" кубогунун 2 жолку ээси.